16:17
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

№ 107 маршрутканын ордуна автобус киргизилип, жаңы схема боюнча жүрүп жатат

Бишкек шаарында № 107 маршрутканын ордуна автобус киргизилип, ал жаңы схема боюнча жүрө баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы блдирди.

«17-ноябрдан баштап № 107 кичиавтобустун ордуна «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы»  тейлеген № 107 автобус каттамы ишке киргизилди», — деп белгиледи мекеме.

Автобус Арча-Бешик жана Ак-Босого конуштарын байланыштырат. Каттамдын узундугу 38,4 чакырымды түзүп, 8-10 мүнөттүк аралыкта каттайт. Азыр 15 автобус чыгып жатат.

Ошондой эле № 203, 162, 252, 131, 145, 121, 150 автобустардын кыймылын өзгөртүү пландалууда.

Эң көп окулган жаңылыктар