12:21
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

500 миң доллар зыян келтирген. Милиция алдамчылыкка шектелген жаранды кармады

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген адамды кармашты. Жарандарга келтирилген зыяндын өлчөмү болжол менен 500 миң долларды түзөрүн мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, батирлерди жана жер тилкелерин сатууга байланышкан алдамчылык фактысы боюнча көптөгөн кылмыш иштери иликтенүүдө.

ИИМ
Фото ИИМ

Жабырлануучулардын арыздары боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук, (алдамчылык аракеттердин 40дан ашык фактысы),Октябрь райондук ички иштер башкармалыгында (алдамчылык аракеттердин 10дон ашык фактысы) катталган. Ошондой эле башка ички иштер башкармалыктарында да арыздар бар.

Бул кылмыштардын баарында шектүү катары 1985-жылы туулган К.М. өтүп жатат. Ал жарандардын ишенимине кирип, кыймылсыз мүлк сатып алууда кызматтарды сунуштап, потенциалдуу кардарларды өзүнө тартып турган. Мында ал жеке турак үйлөрдү куруу үчүн берилүүгө тийиш эмес болгон жер тилкелерин башка адамдарга сатууга жетишкен.

Акча операциялары түздөн-түз ал аркылуу жүргүзүлгөн. Учурда алдамчылыкка шектүүнүн колунан 70тен ашык адам жабыркаганы аныкталды. Жабыркагандардын саны андан көп болушу мүмкүн.

Мындан тышкары, шектүү өзүнүн анкеталык маалыматтарын бир нече жолу, фамилиясын төрт жолу алмаштырып, сырткы көрүнүшүн өзгөрткөнү аныкталды. 2022-жылы ага издөө жарыяланган. 

Кечээ шектүүнү кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар