18:18
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

«Тинькофф банк» жеке жактарга кыргыз сомун сата баштады

«Тинькофф банк» жеке жактарга кыргыз сомун сата баштады. Бул тууралуу финансы мекемесинин сайтында маалымдалат.

«Тинькофф банк» жеке жактар үчүн Кыргызстандын, Тажикстандын жана Бразилиянын валюталарын сатууну баштады. Банк ошондой эле Таиланддын бат валютасы менен Азербайжан манатын сатууну жандантты», — деп айтылат маалыматта.

«Эми Tinkoff Black карталарынын ээлерине тиешелүү валюталык эсепти ачуу жана Кыргызстандын, Тажикстандын, Бразилиянын, Таиланддын жана Азербайжандын валюталарын сатып алуу, товарлар жана кызматтарды Tinkoff Black картасы менен «МИР» төлөм системасы аркылуу Тажикстанда жана Кыргызстанда улуттук валюталарда конвертациясыз төлөө, Тажикстанда жана Кыргызстанда «МИР» , «Элкарт» (Кыргызстан) жана «Амонатбанк» (Тажикстан) төлөм системаларынын карталарын кабыл алган банкоматтардан накталай акча алуу жеткиликтүү», — деп маалымдайт банк.

Көрсөтүлгөн валюталарды пайдалануу үчүн, алгач валюта эсебин ачуу керек.

Эң көп окулган жаңылыктар