11:59
USD 87.45
EUR 102.43
RUB 1.09

Бишкектеги коомдук транспорттун маршруттары толугу менен кайра каралат

Борбор калаадагы коомдук транспорттун маршруттары толугу менен кайра каралат. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда шаардын вице-мэри Максатбек Сазыкулов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө паралеллдүү жүргөн каттамдар көп болууда.

«Бул транспортту башка багытта жүргүзсөк болмок. Мындан тышкары, шаардыктарга кайрылгым келет. Азыркы жаңы автобустар чоң магистралдык асфальтталган жолдорго ылайыкталган. Албетте, асфальтталган жолдордун санын көбөйтөбүз, бирок тар жолдорго автобустарды киргизбейбиз. Жакында бир тургун кайрылды. Ал Чүй проспектиси менен жүргөн маршрутканы Киевге киргизүүсүн суранды, анткени ага ушундай ыңгайлуу. Бирок эл аралык стандарттарга ылайык, аялдама турак жайдан 400-700 метр алыстыкта болушу керек. 700 метр аралыкты басып өтүү шаардыктар үчүн кыйын эмес деп ойлойм», — деди Максатбек Сазыкулов.

Эң көп окулган жаңылыктар