Москва районунда тууганына оор залал келтирген шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 25-октябрда С.А. уруш учурунда 1979-жылы туулган М. У. аттуу эжесинин күйөөсүн балка менен башка урган.
Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинде (ден соолукка оор залал келтирүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.
С.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.