Президент Садыр Жапаров Минскте Беларустун президенти Александр Лукашенко менен жолукту. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана келечегин, ошондой эле Жамааттык коопсуздук кеңеши уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин алдыдагы сессиясынын күн тартибин талкуулашты.
Садыр Жапаров менен Александр Лукашенко мамлекеттер ортосундагы өз ара аракеттенүүнү эки өлкө элдеринин кызыкчылыгында бекемдөөгө даярдыгын билдиришти.
Видеонун башында Александр Лукашенко Кыргызстандын өлкө башчысын: «Садыр, салам!», — деп тосуп алды.