20:36
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкекте КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясына байланыштуу жолдор жабылат

16-17-ноябрда Бишкекте КМШ мамлекеттеринин Парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясы өтөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Делегациялар өтүп жаткан учурда айрым жол тилкелери убактылуу жабылат:

  • "Манас" аэропортунан Фучик көчөсү менен Жибек Жолу проспектисине чейин;
  •  Жибек-Жолу проспектисинен Манас проспектисине чейин;
  • Манас проспектиси жана Чыңгыз Айтматов көчөлөрү менен мамлекеттик резиденцияга чейин;
  • Байтик Баатыр, Медеров көчөсү менен Юнусалиевге чейин.

"Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүнө байланыштуу киргизилген чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууну жана тыгындарды болтурбоо үчүн жол кыймылынын эрежелерин, жолдо жүрүүнүн  маданиятын сактоону, транспорт каражаттарын аталган көчөлөрдүн боюна калтырбоону суранабыз. Кырдаалга жараша башка жолдор жабылса, кошумча маалымат берилет", — деп белгиледи мекеме.

Эң көп окулган жаңылыктар