Абитуриенттерди кышкы жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча каттоо 24-ноябрда өтөт. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришти.
Мекеме орто мектептердин 11-классынын окуучулары жана жогорку окуу жайлардын студенттери ЖРТга катталууга жана тапшырууга укугу жок экенин белгиледи.
Каттоо 13:00дөн 17:00гө чейин:
- Бишкек шаарында — Кусеин Карасаев атындагы БМУнун башкы корпусунда (Чыңгыз Айтматов проспекти, 27);
- Ош шаарында — ОшМУнун башкы корпусунда (Ленин көчөсү, 331) өткөрүлөт.
Каттоо акысы — негизги жана предметтик тест үчүн 470 сом.1
Каттоо үчүн керек болгон документтер:
- Каттоо төлөмдөрү төгүлгөндүгүн тастыктаган квитанция («РСК банк»);
- Паспорт же аскердик күбөлүк;
- 3×4 өлчөмүндөгү эки сүрөт;
- орто (кесиптик) билим жөнүндө аттестаттын (дипломдун) түп нускасы.
! Жогорудагы документтердин бирөөсү жок болсо, каттоо жүргүзүлбөйт.
Тест 25, 26-ноябрда өтөт.
Эскерте кетсек, кышкы кабыл алуу Кыргызстанда экинчи жолу өткөрүлүп жатат. Окуу жайга тапшыруу үчүн абитуриенттер жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүшү керек. Былтыр кышкы ЖРТга 1 миң 260 абитуриент катышып, 800дөн ашыгы окууга өткөн. Быйыл 767 адам катталды.