Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 2023-жылдын башынан бери кызамык менен ооругандардын саны 3 миң 618ге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, эң көп учур (1 миң 76) Бишкекте, Ош (695), Жалал-Абад (650), Чүй (562) облустарында катталган.
Ошто — 333, Баткенде— 96,Таласта — 95, Ысык-Көлдө — 72, Нарын облусунда — 39 учур аныкталган. ⠀
Кызамык вирусунун активдүү циркуляциясы Бишкек, Жалал-Абад жана Чүй облустарында байкалууда, бул жерде вирустун жугушу уюшкан топтордогу эмделбеген балдар арасында кездешүүдө.
Кызамыктын очогун жок кылуу үчүн 9 айдан 7 жашка чейинки балдар арасында кошумча эмдөө жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, ооругандар менен байланышкан адамдар 72 сааттын ичинде эмдөөдөн өтүп жатышат.
Оорунун жайылышын үзгүлтүккө учуратуу үчүн эмделгендердин саны 95 пайыздан жогору болушу керек. Кошумча эмдөө кампаниясынын алкагында бүгүнкү күндө 462 миң 692 бала вакцина алды, бул 77 пайызды түзөт.

