12:04
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстанда бир жума ичинде 18 миңден ашык жол эрежесин бузуу катталды

Кыргызстанда бир жума ичинде 18 миң 711 жол эрежесин бузуу катталган. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол эрежесин бузуу учурлары 30-октябрдан 5-ноябрга чейин катталган:

  • 262 — тиешелүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу;
  • 264 — мас абалында автотранспорт башкаруу;
  • 42 — унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу;
  • 922 — жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусу менен жол эрежесин бузуу;
  •  2 миң 781 — транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу;
  •  4-автобейбаштык;
  • 3 миң 955 — ашыкча ылдамдык менен айдоо.

Айып короосуна 1 миң 541 унаа киргизилди. ЖКККББ айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жол эрежелерин сактоого чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар