22:33
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Эдил Байсалов: эл байлардын балдарынын тамагы үчүн төлөбөшү керек

Министрлер кабинети бала бакчаларда тамактанууну уюштуруу маселесин саясатташтырбоого чакырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Жакырчылык жана теңсиздик» форумунда билдирди.

Анын айтымында, мамлекет жакынкы жылдары мектепке чейинки билим берүү мекемелерин каржылоону бир нече эсеге көбөйтүүнү пландаштырууда. Бала бакчалардын имараттарын куруу үчүн жергиликтүү бийлик органдарына бир топ субсидиялар бөлүнүп, жеке ишкерлерге жеңилдетилген насыялар берилүудө. Балдар үчүн билим берүү жана өнүктүрүү программалары иштелип чыгып, эрте куракта өнүктүрүү ыкмалары активдүү өздөштүрүлүүдө. Лицензиялоо талабы алынып, башка жөнгө салуучу ченемдер бир топ жеңилдетилди.

«Учурда балдарды мектепке чейинки билим берүү мекемелерине тартуу айыл жерин айтпаганда да, шаарларда 35 пайыздан ашпайт. Бала бакчага кирүү абдан кыйын. Адатта, бул мекемелерге социалдык байланыштары күчтүү, көбүнчө камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары кирет. Аялуу катмардагы үй-бүлөнүн балдары бала бакчага тартылбайт.

Анда эмне үчүн бүтүндөй эл бай катмардын балдарынын тамак-ашына төлөшү керек?

Эдил Байсалов

Бул социалдык адилеттүүлүк маселеси. Балдарды бала бакчага тартуу жок дегенде 75-80 пайыздын деңгээлинде болгондо гана совет доорунан калган учурдагы саясатты улантуу маселеси көтөрүлсө болмок», — деди ал.

«Бүгүн биз социалдык жактан аялуу жана жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына даректүү колдоо көрсөтүү тууралуу сөз кылмакчыбыз. Мамлекет аларды бала бакчага орун берүү жана тамак-аш түрүндө кошумча субсидиялар менен колдоосу керек. Мамлекетибиздин чектелүү ресурстарын баарына таркатып берүү мүмкүн эмес. Анда ал эч кимге жетпейт», — деди Эдил Байсалов.

Белгилей кетсек, буга чейин Финансы министрлиги ата-энелер эми бала бакчаларда берилүүчү тамакка өздөрү төлөй турганын билдирип, 11-августта кабыл алынган «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын жаңы редакциясында мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) эсебинен жүргүзүлөрү каралганын белгилеген.

Эң көп окулган жаңылыктар