04:49
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бала бакчаларда берилүүчү тамак үчүн ата-энелер өздөрү төлөшөт

Социалдык тармактарда Финансы министрлигинин президенттин администрациясына жазган каты тарап жатат. Анда бала бакчаларда берилүүчү тамак үчүн эми толугу менен ата-энелер төлөй турганы жазылаган.

Финансы министрлиги бул маалыматты тастыктады. Алардын берген маалыматына ылайык, 11-августта «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынган.

«Бул документтин 28-беренесинин 6-пунктунда мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөрү каралган», — деп белгилешти мекемеден.

Бирок мектепке чейинки мекемелерде балдардын тамактануусуна мамлекеттен каражат кайсы айдан баштап токтотулары тууралуу маалымат берилген жок.

Белгилей кетсек, буга чейин республиканын мектепке чейинки уюмдарында биргелешип төлөө принциби иштечү. Балдардын тамагы үчүн каражаттын 50 пайызын жергиликтүү бийлик органдары, калганын ата-энелер төлөшчү.

Эң көп окулган жаңылыктар