13:14
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Депутат кара куурайды өрттөбөй, дарылыкка колдонууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова кара куурайды өрттөбөй, дары катары колдонууну сунуштады. Бул тууралуу ал парламенттин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү тиешелүү долбоор ага жарандардан келип түшкөнүн белгиледи.

«Польшада жана Украинада кара куурайдын жанында бул өсүмдүктүн башка сорту өстүрүлсө, кийинки жылы анын психотроптук касиети жоголот. Андан кийин андан дары-дармектерди, майларды жасашат. Европада ага суроо-талап чоң. Биз болсо өрттөп жатабыз. Эгер бул Кыргызстан үчүн пайдалуу болсо, карап көрүүнү өтүнөм», — деп ал Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы Алымкадыр Бейшеналиевге кайрылды.

Жыйында депутаттар «Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө» мыйзам долбоорун карап жатышат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда тыюу салынган өсүмдүктөрдү, анын ичинде кара куурайды өстүрүү, жыйноо жана сактоого кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Эң көп окулган жаңылыктар