16:00
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкекте ШКУнун өкмөт башчыларынын президент менен жолугушуусу башталды

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин премьер-министрлеринин президент Садыр Жапаров менен жолугушуусу башталды.

ШКУнун жыйынына катышуу үчүн Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер, Беларустун премьер-министри Роман Головченко, Казакстан — Алихан Смаилов, Тажикстан — Кохир Расулзода, Өзбекстан — Абдулла Арипов, Монголиянын өкмөт башчысы Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ, Кытай Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян, Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Ходжамырат Гелдимырадов, Индиянын жана Пакистандын Тышкы иштер министрлери Субраманьям Джайшанкар жана Жалил Аббас Джилани келди.

Конгресс холлдун имаратында делегация башчыларын тосуп алуу жана сүрөткө түшүү аземи болду. Андан кийин алар Садыр Жапаров менен жолугушууга кирип кетишти.

Мамлекет башчысы менен жолугушуудан кийин ШКУнун өкмөт башчыларынын кеңейтилген форматтагы жыйыны өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар