19:21
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Кытайдын өкмөтү менен бир катар макулдашуулага кол коюлду

Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьер-министри Ли Цяндын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында бир катар макулдашууларга кол коюлду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

1
Энергетика тармагындагы макулдашуулар:
  • «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы менен «Hebei Jinsheng Mining Engineering Co., Ltd» компаниясынын ортосундагы «Тегене» көмүр кенин биргелешип иштетүү жөнүндө макулдашуу;
  • «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы менен «Томирис-Кен» ЖЧКсынын ортосундагы «Сүлүктү талаа-11» көмүр кенин биргелешип иштетүү боюнча иш-чаралар жөнүндө макулдашуу;
  • «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы менен «Kashi Shunbaofu Trade and Еxport Trade Corporation» кытай компаниясынын ортосундагы «Торугарт 1» көмүр кенин биргелешип иштетүү боюнча иш-чаралар жөнүндө макулдашуу;
  • Ош облусунун Алай районунда жайгашкан «Эркечтам» кыргыз-кытай унаа чек арасына жакын жер тилкесинде ленталык конвейердик логистикалык көмүр борборун биргелешип куруу боюнча иш-чаралар жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен «Goldwind Science and Technology Co., Ltd» компаниясы ортосундагы өлкөдө кубаттуулугу 3 гигаваттка чейин шамал электр станцияларын куруу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен «Molin Energy Company Limited» компаниясы ортосундагы өлкөдө күн электр станцияларын куруу жөнүндө макулдашуу;
2
Башка тармактагы макулдашуулар:
  • Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жана Кытайдын өкмөтүнүн ортосундагы 2023-2027-жылдарга чек аралык кызматташуу программасы;
  • Кыргызстандын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жана Кытайдын Коммерция министрлигинин ортосундагы санариптик экономика чөйрөсүндө инвестициялык кызматташууну тереңдетүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытайдын Эл аралык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин ортосундагы «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» (3-фаза) долбоорун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн протоколу;
  • Бишкек жана Чэнду шаарлары ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди орнотуу тууралуу келишим;
  • Кыргызстандын Улуттук банкы менен China Construction Bank Corporation ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Кыргызстандын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жана «Delong Steel Group Co., LTD» ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум.
Эң көп окулган жаңылыктар