02:26
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

25-27-октябрь күндөрү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жолдор жабылат

25-27-октябрь күндөрү расмий делегациялар өтө турган жолдор убактылуу жабылат. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жол-көзөмөлдөө кызматынын башчысынын орун басары Дурусбек Жалилов билдирди.

Анын айтымында, Чүй облусундагы «Манас» аэропортунан Бишкекке чейинки жол жабылат.

Борбор калаада Фучик көчөсү — Чүй проспектиси — Манас проспектиси багыты боюнча «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейин жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

Мындан тышкары делегациялар "Ата-Бейитке" барышат. Мындан улам Садырбаев көчөсү боюнча мамлекеттик резиденциядан мемориалдык комплекске чейин кыймыл чектелет.

«Өтө турган иш-чаралардын маанилүүлүгүнө байланыштуу киргизилип жаткан чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз. Шаар ичинде жүрүүдө жолдордун жабылышы тууралуу маалыматты эске алууну суранабыз. Эгерде дагы кайсы бир көчөлөр жабыла турган болсо, кошумча маалымат беребиз», — деп белгиледи Дурусбек Жалилов.

Жолдор кайсы убакта жабылары азырынча белгисиз. Кыймылга кортеждер жүрүп жатканда гана чектөө киргизилет.

Эске салсак, 25-27-октябрда Бишкекке Кытайдын премьер-министри Ли Цян расмий иш сапары менен жана Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ жумушчу сапары менен келет. Ошондой эле Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөт башчыларынын, Шанхай кызматташтык уюмунун жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны күтүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар