10:59
USD 89.43
EUR 96.57
RUB 0.97

Ысык-Атада секелек кызга нике кыйган имам кармалды

Ысык-Ата районунун Ивановка айылынын 21 жаштагы тургуну Н. Ш. жашы жете элек, 2008-жылы туулган кызга үйлөнүүгө аракет кылганы, айылдын имамы — 52 жаштагы Р. А аларга нике кыйганы үчүн кармалды.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) маалымдагандай, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренеси (Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу) менен кылмыш иши козголду.

Кармалгандар райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Быйыл августта Аламүдүн районуна караштуу Васильевка айылынын имамы 2005-жылы туулган кызды өзүнөн он жаш улуу жаранга никесин кыйганы үчүн кармалган.

Кыргызстанда 2016-жылы 18 жашка жете электерге нике кыюуга тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Анда үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Мыйзамдын негизинде никеге уруксат берген кыздын ата-энеси дагы, нике кыйган имам дагы сот жообуна тартылат.
Эң көп окулган жаңылыктар
22-февраль, бейшемби
21-февраль, шаршемби