05:27
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Акыркы эки жылда жашы жете элек өспүрүмдөргө нике кыйган 17 учур катталды

Тыюу салынганына карабастан акыркы эки жылда жашы жете элек өспүрүмдөргө нике кыйган 17 учур катталды. Бул тууралуу гендердик саясат боюнча улуттук кеңештин отурумунда башкы прокурордун орун басары Урмат Дүйшөнбеков билдирди. 

Анын айтымында, акыркы жылдары кыз ала качуу тууралуу арыздардын саны өсүүдө. 2016-жылы аялдар жана балдарга карата 9 миңден ашуун зомбулук фактысы  каттоого алынган. Былтыр 197 кыз ала качуу фактысы катталды.

 «2016-жылы жашы жете элек өспүрүмдөргө нике кыюуга тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Эгерде мыйзамга баш ийбей, нике кыйган молдо кылмыш жоопкерчилигине тартылат», -деди Урмат Дүйшөнбеков.

Эң көп окулган жаңылыктар