17:00
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстанда көмүрдүн баасына мамлекеттик көзөмөл киргизилет

2023-жылдын 25-октябрынан тарта Кыргызстанда көмүрдүн баасына мамлекеттик көзөмөл киргизилет. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, кара алтындын баасын жөнгө салуу 90 календардык күнгө созулат. Чечим көмүргө болгон баанын өсүшүнө жол бербөө, анын калк үчүн жеткиликтүү болушун камсыз кылуу, ошондой эле көмүрдүн калк үчүн өзгөчө социалдык маанисин жана жылытуу мезгилинде ага болгон баанын негизсиз жогорулашынын тобокелдиктерин эске алуу менен кабыл алынды.

«Антимонополдук жөнгө салуу кызматы тарабынан Кыргызстандын облустары, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарлары боюнча көмүрдүн баасынын максималдуу деңгээли белгиленет», — деп билдиришти Экономика министрлигинен.

Эң көп окулган жаңылыктар