Кечээ Манамада Кыргызстан менен Бахрейндин улуттук курама командаларынын ортосунда достук беттеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу социалдык тармактарда билдирди.
Беттеш 2:0 эсеби менен аяктап, Кыргызстан командасы утулуп калды.
Эки голду тең атаандаштар экинчи таймда киргизишти.
«Мен экинчи таймга канааттанган жокмун, анткени биз оюндун темпине туруштук бере алган жокпуз жана өтө жөнөкөй учурларда ката кетирип жаттык. Атаандаш жараткан бардык учурлар жеке жана тактикалык каталардын эсебинен болду», — деди пресс-конференцияда Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович.
Белгилей кетсек, 15-октябрда «Ак-Шумкар» Филиппин командасы менен ойнойт.