12:29
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстан Кытайдын жарандары үчүн визасыз режим киргизүүдө. Бирок чектөөлөр бар

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Бир алкак — бир жол» демилгесинин 10 жылдыгына арналган «Кыргызстан-Кытай» достук коомунун салтанаттуу жыйынына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Анда ал министрлер кабинети тарабынан Кытайдын жарандары — Гонконг жана Макао өзгөчө административдик райондорунун резиденттери үчүн визасыз режим киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынганын билдирди. Кошумча АКШ, Улуу Британия жана Европа Биримдигине визалары бар Кытай жарандары да бир жумалык мөөнөткө Кыргызстанга визасыз кире алышат.

«Бул чечим Кыргызстан жана Кытай элдеринин ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүүгө, ошондой эле маданий жана экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө карай жасалган кадам болуп саналат», — деп белгиледи Эдил Байсалов.

Эң көп окулган жаңылыктар