00:53
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстан Таластагы жолду реконструкциялоо үчүн 95 миллион доллар насыя алат

Жогорку Кеңеш биринчи окууда үч эл аралык донор менен Суусамыр — Талас — Тараз автожолун реконструкциялоо долбоору боюнча 95 миллион долларлык макулдашууну ратификациялады.

Белгилей кетсек, долбоордун ишке ашырылышы үчүн министрлер кабинети Ислам өнүктүрүү банкынан (50 миллион доллар), Сауд өнүктүрүү фондунан (30 миллион доллар), ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фондунан (15 миллион доллар) насыя алат.

Долбоордун жалпы суммасы 105 миллион долларды түзөт. Министрлер кабинети 10 миллион доллар бөлүп берет. Талас облусундагы оңдоло турган жолдун жалпы узундугу 93 километр.

Транспорт министри Тилек Текебаев долбоор 2025-2027-жылдары ишке ашырылышы керек экенин белгиледи.

«Биз график боюнча алдыдабыз. Эгер келишимди ратификациялап алсак, 2024-жылы жолду реконструкциялоону баштайбыз жана эки жылдын ичинде бүтүрөбүз», — деди министр.

Эң көп окулган жаңылыктар