07:21
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда кар жаап, түнкүсүн үшүк түшүшү мүмкүн

Кыргызстандын аймагында 13-октябрдан 15-октябрга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт.

Кыргызгидромет борборунан билдиришкендей, 13-октябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын областарынын көпчүлүк аймактарында жаан, Чүй, Талас областарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-октябрда күндүз, 13,14-октябрда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

  • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1...6°, айрым жерлерде 0..-2°, күндүз 5... 10°;
  • Талас облусунда 1... 6°, айрым жерлерде −1...-3°, күндүз 4...9°;
  • Чүй, Талас областарынын тоо этектеринде түнкүсүн 1...6°, айрым жерлерде-1..-3°;
  • Ош, Жалал-Абал. Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 2... 7°, күндүз 11...16°;
  • Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1...6°, айрым жерлерде 0...-20, күндүз 5... 10°;
  • Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында −3...+2°, күндүз 4...9° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн −2...-7° суук, күндүз 1...6°;
  • Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн −8...-13°, күндүз — 1...-6° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Мөмө-жемиш жана жашылча жемиштерди үшүк алып кетүү коркунучу бар.