15:52
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

ӨКМ: Өлкө аймагында үшүк жүрөт

Өлкө аймагында үшүк жүрөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

2-3-октябрь күндөрү түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектериндеги кээ бир райондорунда 0...-2° үшүк, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында −1...-3 градус үшүк, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында −2...-4 градус үшүк жүрүшү күтүлөт.

4-октябрда жана 5-октябрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

5-октябрда күндүз жана 6-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 6-октябрда күндүз тоолуу райондордо жаан-чачын жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Эң көп окулган жаңылыктар