21:25
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Путиндин Кыргызстанга сапары. Чүй облусунда кайсы жолдор жабылат

Орусиянын президенти Владимир Путиндин келиши жана Бишкекте өтө турган КМШ башчыларынын саммити учурунда жолдор жабылат. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Манас Сыдыгалиев билдирди.

Анын айтымында, жол кыймылы «Манас» аэропортунан Фучик көчөсү — Чүй проспектиси — Манас проспектиси багыты боюнча резиденцияга чейин чектелет.

Мындан тышкары Владимир Путин сапарынын алкагында «Кант» авиабазасына барууну пландоодо. Мындан улам Манас проспектиси — Чүй проспектиси — Абдрахманов көчөсү — Жибек Жолу проспектиси — Алма-Ата көчөсү — айланма жолу — Кантка кеткен бурулуш (цемент завод) — «Кант» авиабазасы багыты боюнча кыймыл чектелет.

 Ошондой эле Россия президентинин «Ата-Бейитке» баруусу пландалууда. Ошондуктан Садырбаев көчөсү боюнча мамлекеттик резиденциядан мемориалдык комплекске чейин кыймыл чектелет.

«Жарандардан түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз. Жолдо машиналарды калтырбаңыздар, анткени алар эвакуацияланат. Тыгынга кабылбаш үчүн жана жумушка кечикпеш үчүн маршруттарды алдын-ала пландаштырыңыз. Кырдаалга жараша, башка жолдор жабылса, кошумча маалымат берилет. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга ЖКККББнын 600дөн ашуун кызматкери тартылат», — деп белгиледи Манас Сыдыгалиев.

Эске салсак, Владимир Путиндин сапары жана КМШ башчыларынын саммити 12-13-октябрга белгиленген.

Эң көп окулган жаңылыктар