USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

Жүргүнчүлөрдү ташыган унааларга рейд өткөрүлүп, 1,4 миллион сомго айып салынды

11:26, 05 октября 2023, Бишкек - 24.kg

Жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспортторго карата «Жүргүнчүлөдү ташуу» аталышында рейдтик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анда, жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин сакталышын, лицензиялык талаптардын бар болуусун, мыйзамсыз жана уруксатсыз кошумча жабдыктарды орнотуп алгандарын, ылдамдыкты ашырып айдагандарын, унаанын техникалык абалдарын текшерүүгө алышып, аныкталган кемчиликтер үчүн, 780 укук бузуулар тууралуу протоколдор түзүлүп, жалпысынан 1 миллион 410 миң сомго айып салынды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн рейдтик иш-чаралар мындан ары да улантылат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика