11:21
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкекте айдоочулар жол кирени 20 сомго көтөрүүнү сунуштоодо

Бишкекте кичи автобустардын айдоочулары жол кирени 20 сомго көтөрүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Альянс БУС» ишканасынын өкүлү Григорий Николаиди билдирди.

Анын айтымында, пандемия мезгилинде микроавтобустун айдоочулары чыгымга учурап жатышат.

«Унаалар бош болуп, орундардын 70-80 пайызы гана толушу керек. Бул чыгымдарды актабайт. Андыктан азыр өзгөчө кырдаал убагында жол кирени көтөрүп турса. Жүргүнчүлөр 20 сом үчүн олтуруп барууга даяр», — дейт ал.

Григорий Николаиди сунуш республикалык штабка маалымдаларын белгилейт.

Эң көп окулган жаңылыктар