23:31
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Аламүдүн айылында маршруткада жүргүнчүгө кол салган жаран кармалды

Аламүдүн айылында коомдук транспорттун ичинен бычак менен кол салган адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, 21-июлда Аламүдүн райондук милициясына Аламүдүн айылында коомдук транспорттун ичиндеги жүргүнчү О.А. аттуу жаранга бычак менен денесине залал келтиргендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин бейбаштык беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө коомдук транспорттогу жүрүм-туруму боюнча эскертүүнү жактырбай, Ж.Ж. жана О.А. аттуу жарандардын ортосунда чыр чыккандыгы, натыйжада О.А. аттуу жаран көкүрөгүнөн жараат алгандыгы аныкталган.

Жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлүп, бычак менен кол салган Ж.Ж. аттуу жаран кармалып, Аламүдүн РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Эң көп окулган жаңылыктар