16:33
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Депутат башкы консул өзү унаа айдаганына арданып, ага айдоочу берүүнү сунуштады

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын үч элчилигине имарат сатып алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында министрдин орун басары Алмаз Имангазиев билдирди.

Жыйында депутат Нуржигит Кадырбеков тышкы саясат мекемесине Дубайдагы башкы консулдукк үчүн «кустуризациянын» эсебинен имарат сатып алууну сунуштады. Анын айтымында, азыр дипломатиялык өкүлчүлүк имараттын ижара акысы үчүн жылына 30 миң доллар төлөйт. Ал Бириккен Араб Эмираттарында 2 миң 300 кыргызстандык консулдук каттоодо турганын кошумчалады.

Дагы бир депутат Ырысбек Атажанов башкы консул Дубайда өзү кызматтык унаа айдаганы үчүн уялып, дипломатка айдоочу берүүнү сунуштады.

Алмаз Имангазиев Тышкы иштер министрлиги дипломатиялык өкүлчүлүктөргө имарат сатып алууну пландап жатканын айтып, айдоочу маселесин карап чыгууга убада берди.