01:27
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Улан Карыпбеков кызматынан бошотулду. Ордуна Кудайберген Базарбаев дайындалды

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Улан Карыпбеков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Улан Карыпбеков бул кызматта беш ай иштеген. «Ата Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын жыйынында өзү башкарып жаткан мекеменин толук аталышын айта албай калгандыгы менен эсте калган.

Анын ордуна Кудайберген Базарбаев дайындалды. Ал буга чейин эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп иштеген.

Эң көп окулган жаңылыктар