10:02
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жогорку соттун мыйзамсыз байыган деген судьясы кызматынан четтетилди

Жогорку Кеңеш Жогорку соттун судьясы Камиль Осмоналиевди убактылуу жумуштан четтетти. Мындай чечим бүгүнкү отурумда кабыл алынды.

Буга чейин УКМК Камиль Осмоналиев мыйзамсыз баюуга шектелип жатканы тууралуу маалымат тараткан. Судья кармалып, Бишкектин Биринчи май райсоту тергөө учурунда аны камакта кармоо чечимин чыгарган.

Мекеменин маалыматына караганда, судьянын тиешелүү киреше булагы жок туруп, көп сандагы кыймылсыз мүлккө — белгилүү курулуш компаниялардан алынган батирлерге, Ысык-Көлдүн жээгиндеги көрүнүктүү пансионаттардагы коттедждерге, соода борборлорундагы коммерциялык объектилерге, люкс классындагы автоунааларга жана VIP-шаарчадагы элиталык кыймылсыз мүлккө ээ экени аныкталган.

Соттор кеңешинин Тартип комиссиясы башкы прокурор Курманкул Зулушевге Жогорку соттун судьясы Камиль Осмоналиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун берген.

Эң көп окулган жаңылыктар