03:19
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

ИИМ «Кыргызнефтегаз» ААКтын атынан алдамчылык аракеттери тууралуу эскертет

Учурда алдамчылар Интернетте алдамчылыктын жаңы түрлөрүн жана схемаларын ойлоп табууда жана бул барган сайын кучагын кенен жайууда. Адамдар алдамчылардын торуна түшүп калуусун унутуп коюшат. Интернет алдамчылары дал ушул нерсеге таянып, жаңы курмандыктарды издешет. Социалдык тармактарда жарнамалык компанияга жамынып, элдин көңүлүн буруу максатында алдамчылык аракеттер жасалууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, https://privatelyinvestor.com аталышындагы сайтында «Кыргызнефтегаз» өлкөнүн бардык тургундары үчүн микро-инвестициялардан акча табуу мүмкүнчүлүгүн ачты" деген чындыка дал келбеген маалымат таратылууда. Мыйзамсыз аракеттери менен жарандарды инвестор катары акча каражаттарын салууга үндөп жатат.

Жогоруудагы маалыматтарды «Кыргызнефтегаз» ААКнун башкармалыгы жалган экендигин тастыктаган.

Ички иштер министрлиги эскертет, алдамчылык, башкача айтканда алдоо же ишенимин кыянаттык менен пайдалануу жолу менен олуттуу эмес өлчөмдөгү башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу же мүлккө болгон укукка ээ болуу, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

КР Ички иштер министрлиги жарандарды сак болууга чакырат. Учурда киберкылмышкерлер алдамчылыктын жаңы түрлөрүн жана схемаларын ойлоп табышууда. Алдамчылар өздөрүнүн курмандыктарын туш келди тандап алышат. Ошондуктан жарандар ыңгайсыз абалга дуушар болуп калбашы үчүн кыраакылыгын жоготпой, этият болушу керек.

Эң көп окулган жаңылыктар