15:08
USD 88.26
EUR 95.98
RUB 0.97

Чет өлкөгө жумушка орноштурам деп, акчасын алып, алдаган адам кармалды

Каракол шаарында милиция кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектелип, жергиликтүү тургун кармалды. Ал акчалай сыйлык үчүн жабырлануучуларды чет өлкөдө жумушка орноштурууга убада берген. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматы билдирди.

Маалыматкы алайык, 13-февралда Каракол шаарынын ички иштер бөлүмүнө Түп, Ак-Суу райондорунан жана облустук борбордон беш жаран арыз менен кайрылган. Алар 2022-жылдын ноябрь айынан 2023-жылдын январь айына чейинки аралыкта чала тааныш Нурбек аттуу жигит ишенимдерине кирип, аларды Түркияда жана Германияда жумушка орноштуруу шылтоосу менен акча алып, андан кийин жашырынып кеткенин билдиришкен. Арыз ээлерине жалпысынан 140 миң сом материалдык зыян келтирилген.

Бардык келип түшкөн арыздар Каракол ШИИБдин КБРне катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иштери козголгон. Шаардык милициянын тергөө кызматы тарабынан бир катар алдамчылыкка шектелген жаранды аныктоо жана кармоо максатында тиешелүү кызматтарга тергөө тапшырмалары берилген.

Жакында Каракол шаарынын ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан облустук борбордун тургуну, 22 жаштагы А. Н. аттуу шектүү жаран аныкталып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Кармалган жаран алдын ала суракта күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Тергөө кызматы тарабынан козголгон кылмыш иштеринин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө жана шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар, же жок экендигин текшерүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума