10:54
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Кыргызстанда боорду алмаштыруу боюнча алты операция жасалды

Кыргызстанда боорду алмаштыруу боюнча алты операция жасалды. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште «Ала-Тоо» депутаттык тобунун мүчөлөрүнө саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бакыт Кадыралиев билдирди.

Анын айтымында, ресурстардын жетишсиздигинен жана инфекциялык көзөмөлдүн начардыгынан улам цирроз менен жабыркаган балдар үчүн боорду көчүрүп жөндөө (трансплантация) дагы деле татаал бойдон калууда. Бирок Саламаттыкты сактоо министрлиги бул мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча ишти улантууда. Министрлик инфекция маселеси актуалдуу бойдон калып жатканын жана көзөмөлдү күчөтүү керектигин моюнга алат.

Бакыт Кадыралиевдин пикиринде, иш жүзүндө Кыргызстанда гепатит менен ооругандардын саны жарым миллионго чейин жетиши мүмкүн. Анткен менен расмий түрдө 75 миң гана оорулуу катталган.

«Биз инфекциялык көзөмөлдү күчөтүшүбүз керек. Ушундай жол менен гана балдарды трансплантацияга натыйжалуу даярдоого болот», — деди ал.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын май айында Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо министри болуп турганда Түркиядагы клиникасы органдарды көчүрүү боюнча эң мыкты беш мекеменин катарына кирген университетке барып, Кыргызстанда боорду алмаштырууну жолго коюуну убада кылган. Кийинчерээк Улуттук хирургия борборунун адистер бригадасы Түркияга үч айлык стажировкага жөнөтүлүп, тиешелүү жабдуулар сатып алынган.

Боорду трансплантациялоо операцияларын өткөрүүгө трансплантология тармагындагы дүйнөлүк алдыңкы эксперттердин бири Сергей Готье да көмөктөшкөн.

Эң көп окулган жаңылыктар