07:57
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Казакстан дрон чабуулунан улам Орусияга учуу кооптуу экенин эскертти

Казакстандын авиациялык администрациясы учкучсуз учактардын чабуулдары тууралуу билдирүүлөрдөн улам Орусияга учуу кооптуу экенин жарыялады.

Администрация пландуу жана чартердик каттамдарды аткарып жаткан казакстандык авиакомпанияларга коркунучтарга жана тобокелчиликтерге «өз алдынча баа берүү» зарылчылыгы, тобокелдиктерди азайтуу боюнча чараларды көрүү керектиги боюнча көрсөтмөлөрдү берди.

Өткөн бейшембиде учак тибиндеги дрон Москвага жакындап баратканда атып түшүрүлгөн. «Яндекс Расписание» сервисинин маалыматы боюнча Москва аэропортторунда 130дан ашык каттам убактылуу кармалган.

Казак бийлигинин маалыматы боюнча, учурда Казакстан менен Орусиянын ортосунда туруктуу каттамдарды казакстандык SCAT жана Qazaq Air, орусиялык «Аэрофлот», «Азимут», Red Wings компаниялары аткарышат. SCAT жана Aeroflot компанияларынын учактары Москвага каттайт.

Орус армиясы Украинанын шаарларын жапырт аткылап жаткан тушта Орусиядагы дрондордун чабуулдары уланууда. Орусиянын Коргоо министрлиги бул маалыматты бир нече жолу тастыктаган. Кремль учкучсуз учактар жок кылынганын жарыялап, чабуул үчүн Украинаны айыптаган.

Эң көп окулган жаңылыктар