Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде Казакстандын Айтышкерлер союзунун төрагасынын биринчи орун басары Аманжол Алтаевдин сынына жооп берди. Президент казак акыны Биржан Калдыбаевге аргымак белек кылгандан кийин Алтаев анын дарегине сын айткан.
Эске салак,Садыр Жапаров 13-августта өткөн көк бөрү боюнча Дүйнө кубогунда казак акыны Биржан Калдыбаевге аргымак белек кылып, Бишкекте күтүп жатканын айткан. Көп өтпөй ага аргымак тапшырылган. Бирок бир нече күндөн кийин Аманжол Алтаев муну сындап чыккан.
«Бул жигиттин уяты да, абийири да жок. Ал казак элинин атынан домбраны колуна алып ырдабашы керек болчу, анткени казак төкмө акындарынын арасында андай акын жок. Иш анын таанымал эместигинде эмес. Эгер ал жакшы ырдып, белек сурабаса, албетте, биз аны колдомокпуз», — деп жазды Facebook баракчасына Аманжол Алтаев.
Ал кыргыз элине жакшы ниети үчүн ыраазычылык билдирди.
«Бирок көчөдөгү адамдарды казак акыны катары көрсөтпөөнү суранабыз. Мен муну Казакстандын акындар союзунун биринчи орун басары катары айтып жатам. Коңшу элден казак элинин талантын жана кадыр-баркын булгабоону суранам. Таланты жок мындай адамдардан пайда жок. Ошондой эле, бир туугандардан эки өлкөнүн акындарынын союздары кол койгон меморандумдун нормаларын сактоону жана биз сунуштаган төкмө акындарды гана тааныштырууну суранам», — деди Аманжол Алтаев.
Президент Аманжол Алтаевдин кайрылуусун социалдык тармактардан окуганын билдирди.
«Албетте ыңгайсыз кайрылуу болду. Биринчиден, элчи менен ырчыга өлүм жок дейт. Элчилер элчилигин кылат. Ырчылар, болгондо дагы төкмө акындар кай жерде болбосун ыңгайына жараша төгүп ырдай беришет. Сындап ырдашат, мактап ырдашат, бир нерсе сурап ырдашат. Андан кемчилик же саясат издөөнүн кереги жок. Экинчиден, төкмө акын Биржан Калдыбаев кыргызга жээн болот экен. Мен казака жээнмин. Кайчылаш тайеке-жээн экенбиз. Менин бешинчи атам Солтонкулдун аялы Нооча энем казак кызы болгон. Үчүнчүдөн, кыргыз-казак сөз баккан элбиз. Эгер мен ошол учурда аргымак мингизбей койсом качандыр бир убакта мени сөзгө жыгып ырдап чыкмак. «Тайкем мени жөө узатты, тайекемдин бир аргымакчалык алы жокпу» деп. Эгер мен ал жерге катышпасам, ал акындын ырдаганын укпасам башка кеп эле», — деп түшүндүрдү ал.
Ошондой эле, ал бул жерде эч кандай ыңгайсыз абал, саясат жок экенин кошумчалады.
«Болгону төкмө акын жээнимдин сөзүнө калбайын деп гана аргымак мингизе салдым. Ал эми Биржан Калдыбаев кандай акын экенин чынында мен деле билбейм. Мурда таанычу да эмесмин. Аны көчөдөгү акын дептир. Азыр көчөдөгү акын болсо балким бара-бара казак кыргыз элине таанымал акын болуп чыгып калаар? «Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет, карындагы баланын хан болоорун ким билет» дейт. Жаш бала экен. Колдоп турсаңар балким бара-бара таанымал акын болуп чыга келет», — деп белгиледи президент.
Садыр Жапаров казак менен кыргыз бири-бирин колдоп турушу керектигин билдирди. «Азыркы дүйнөлүк кырдаал курч болуп турат. Казак кыргыздын ортосуна чок салып жиберсек деп турган үчүнчү күчтөр дагы жок эмес. Андай адашуудан алыс болушубуз керек. Ортодогу ынтымакты бекем сактайлы», — деп жыйынтыктады ал.