Накталай эмес төлөмгө өтүүнүн үчүнчү күнүндө 91 миң жол кире карта менен төлөндү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, жүргүнчүлөргө накталай эмес төлөмдөрдүн төмөнкү түрлөрү сунушталат:
- үч категориядагы Тулпар карталары
- байланышсыз VISA жана Элкарт карталары
- Тулпар, Mbank, Megapay, Balance, O!Деньги мобилдик тиркемелеринде QR сканерлөө
- виртуалдык NFC картасы
«3 күндүн ичинде 80 миңден ашык карта сатылды. Мындан тышкары, Тулпар карталарына суроо-талаптын жогорулашына байланыштуу стандарттуу көк карталарды жеткирүү иштери улантылууда», — дейт мекеме.