USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Коркутуулар болду. Азиза Абдирасулова Кыргызстандан чыгып кеткенин түшүндүрдү

12:56, 30 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Укук коргоочу «Кылым шамы» уюмунун негиздөөчүсү Азиза Абдирасулова Кыргызстандан чыгып кеткени боюнча «Азаттыкка» комментарий берди.

Ал белгилегендей, өмүрүнө коркунуч жаралгандыктан Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

«Мен мекенимден чыгып кетүүгө даяр эмес болчумун. Оорукчан абышкам, төрт жашар неберем менин кароомдо эле. Бирок мындай түрдүү чагымчыл чалуу, коркутуулардан соң, аргасыз кетүүгө туура келди. Анткени мен буга чейин эки жолу инсульт алганмын, камалып калууга даяр эмес экенмин», — деди Азиза Абдирасулова.

Укук коргоочу президенттин курултайда айткан сөздөрүн бир нече жолу укканын баса белгиледи.

«Президенттин курултайда айтканын кайталап уктум, бир катар медиаларга биздин уюмду кошо айтып, «курултайга чакырылган» дегенине таң калдык. Бир сыйра телефон, почта, электрондук почталарыбызды текшердик. Эч кандай чакыруу келбептир», — деди ал.

2013-жылы Азиза Абдирасулова Садыр Жапаровдун жана анын үй-бүлөсүнүн коомдук жактоочусу болгон.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров 21-декабрда үчүнчү Элдик Курултайда сүйлөп жатып, айрым маалымат каражаттарын жана негиздөөчүсү Азиза Абдирасулова болгон «Кылым шамы» укук коргоо уюмун сынга алган.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика