«Менин 13 досум Кыргызстандын жараны болушту. 15-августта президенттин администрациясы жарандык жөнүндө жарлыкка кол койгон. Дагы эки күндүк бюрократиялык иштерден кийин бүгүн аларды кубанта алдым. Ар бир буйрук — бул кубанычтуу окуя», — деди өзүнүн Facebook баракчасында мурдагы москвалык финансист, блогер Михаил Жуховицкий.
Анын айтымында, Кыргызстандын бийлиги бул маалыматтарды жашырып койгондугу үчүн ачык текшерүү мүмкүн эмес.
«АКШ жана ЕБ тарабынан каржыланган жергиликтүү журналисттердин айынан буйруктарды жашырууга туура келди. Коомчулукка жеткиликтүү болгон акыркы жарандык буйрук 2022-жылдын 31-декабрында болгон. Анан аны да жашырып коюшту», — деп комментарий берди блогер. Ал буга чейин Кыргызстандын жарандыгын алууга жардам бергенин мойнуна алган.
Ошондой эле, ал жакында киргизиле турган өзгөртүүлөрдөн улам кыргыз паспорт алуу мүмкүнчүлүгү азаярын белгиледи.
«Паспорт программаларын жабуу же татаалдаштыруу нормалдуу эле көрүнүш. Алты паспорту, анын ичинде кыргыз паспорту бар адам катары айта кетейин, бардык өлкөлөрдө ушундай болгон: программа ачылып, элдин агымы көбөйөт. Андан кийин бул мүмкүнчүлүк жабылат. Эми орустар үчүн эң арзан экинчи паспортту алуунун реалдуу мүмкүнчүлүгү — Түркия , ал 500 миң доллардан башталат», — деп жыйынтыктады Михаил Жуховицкий.
Буга чейин Жуховицкий ага бир жумада Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн 10 адам келгенин жазган.
Президенттин басма сөз кызматы жарандыкка кабыл алуу жөнүндө жарлыкка кол коюлганын 18-августта билдирген. Бирок Кыргызстандын жарандыгын алган жана андан чыккандардын тизмеси ачыкталган эмес.
Эске салсак, жакында эле президенттин администрациясы Кыргызстандын жарандыгын алгандар тууралуу жарлыктарды жашырганы белгилүү болду. Буга чейин The Moscow Times басылмасы Орусиянын белгилүү саясатчылары жана ишкерлери Кыргызстандын жарандыгын алганын 25-мартта кабарлаган. Басылма президенттин 2022-жылдын 26-декбрынан № 359 жарлыгына шилтеме берген. Бирок резонанс жараткан жарыялоодон кийин кыргыз бийлиги маалыматтарды жашырууну чечкен.