Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери Душанбеде консультативдик жолугушууга чогулушат. Тажикстандын Тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин билдиргендей, аймактагы мамлекет башчыларынын жолугушуусу 14-15-сентябрга белгиленген.
Бул жолугушууда маанилүү документтерге кол коюлат. Алардын ичинен эң маанилүүсү өлкөлөрдүн лидерлери бекиткен жыйынтыктоочу декларация болот.
Ошондой эле, Душанбеде транспорт тармагын жана жаштар саясатын камтыган дагы эки макулдашууга кол коюлат.
Тажикстандын ТИМи Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин консультативдик жолугушуусунда дагы 12 кошумча иш-чара өткөрүүнү сунуш кылганын белгиледи. Алардын арасында экономикалык форум, окумуштуулар жыйыны, маданий иш-чаралар жана бардык беш мамлекеттин салттарын чагылдырган улуттук тамактардын көргөзмөсү бар.