22:34
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Милиция Мирзиеевге кайрылган жаран боюнча тургундар менен жыйын өткөрдү

Амир-Темир кичи районунда 60 жаштагы кишинин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевге кайрылуусуна байланыштуу шаардык милициянын жетекчилигинин катышуусунда жергиликтүү тургундар менен жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош ИИБнин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү жашоочулардын бардыгы бир ооздон коӊшу мамлекеттин өлкө башчысына кайрылган жердешинин жоругун туура эмес деп белгилешти.

«Бул провокатор, эл бузар, журт бузар. Элдерибиз эми кайрадан ынтымакта жашап келе жатканда мындай сөздөрдү айтуу туура эмес. Бүтүндөй кичи шаарчабызды элге жаман көрсөттү. Өзүбүздун шаардын, өлкөнүн жетекчилиги турганда коӊшу мамлекеттин жетекчисине арыздануунун эмне зарылчылыгы бар? Жаш адам болсо бир жөн. Бүтүндөй жашоочулар жаман корүп жатышат. Мындай адамдын жакшылыгына дагы, жамандыгына дагы барбайбыз», — деп билдирген жыйынга катышкан жаран.

Жашоочулар мыйзам чегинде жаза берүүнү колдой тургандыктарын айтышкан.

Эске салсак, буга чейин Ош шаарынын тургуну Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевге видео кайрылуу жасап, шаарга келүүсүн суранган. Видео социалдык тармактарга жарыяланган.

«Он-Адырга келип, тарыхта кала турган нерсени жасасаңыз жакшы болмок. Бардыгын ачык айтмакпыз. Бизге кам көрүшпөйт, документтер, жолдор каралбайт. Улутчулдук чектен ашып кетти. Мүмкүн бул жөнүндө билесиз. Документтерге атайын ката жазышат. Бизди шылдыңдашат. Азыркы күндөрдө ушундай болуп жатат», — деген түштүк борбор калаанын тургуну.

Эң көп окулган жаңылыктар