20:17
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ысык-Көлдө суу транспортунун ээлерине айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда суу транспортунун ээлерине айып пул салынды. Бул тууралуу Ысык-Көл ИИБнин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалматка ылайык, туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери Транспорт министрлигинин жол-транспорт коопсуздугу чөйрөсүн көзөмөлдөө башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте чакан кемелердин ээлерин текшеришкен.

10 күн ичинде 35 кеме текшерилип, анын ичинен 15 суу скутеринин, 3 катердин жана 2 теплоходдордун ээлерине суу транспортунун техникалык талаптарын бузгандыгы, кеме билеттеринин, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуу укугуна лицензиялардын жоктугу үчүн протоколдор түзүлдү.

Мындан тышкары, суу транспортторунун ээлерие каттоо жана уруксат берүүчү иш кагаздарын алуу боюнча бардык зарыл процедуралардан өтүү жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында, 70 жаран Балыкчы шаарындагы Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлчүлүгүнө кеме билеттерин алуу боюнча арыздарын тапшырышты.

Эң көп окулган жаңылыктар