Бириккен Араб Эмиратарынан Кыргызстанга автоунааларды унаа тетиктери катары алып кирүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы бидирди.
БАЭден Е.А.М.дин дарегине инвойско ылайык автомобилдердин запастык бөлүктөрү келген. Бирок бажылык текшерүү учурунда жарым-жартылай кесилген 10 автоунаа табылган.
«Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө унаалардын жарактуулугу аныкталган.