22:10
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Бишкектеги министрликтердин биринде чугун батареяларын уурдап кетишкен

Бишкектеги министрликтердин биринде чугун батареяларын уурдап кетишкен. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

7-августтан 8-августка караган түнү Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнө министрликтердин биринде кызматта турган милиционер чалып, имаратта үч — төрт чоочун адамдар жүргөнүн билдирген.

Мекемеге кармоо тобу жөнөтүлүп, «Мерседес бенц» үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Анын багажында министрликке тиешелүү чугун батареялары табылган.

Төрт жаран кармалып, № 5 ШМБнын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар