Талас облусунун Огонбайев айылында 500 орундуу мектеп курулат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.
Ага ылайык, сынакты Мамкурулуштун алдындагы турак жай-жарандык курулуш департаментинин Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялаган. Бул максатта 162 миллион 513 миң 310 сом саптоо пландалууда.
Подрядчиктин пландалган суммадан кем эмес иштерди аткарууда тажрыйбасы болушу керектиги белгиленет.