22:24
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Жалал-Абадда сабалган эки жигит эч кандай дооматтары жок экенин билдиришти

Жалал-Абад шаарында топ балдар эки жигитти сабап кетишкен. Жабырлануучулар арыз жазуудан баш тартышты. Жаңжалдын видеосу социалдык тармактарда жарыяланды.

Күбөлөрдүн айтымында, окуя «Спутник» микрорайонундагы Манас көчөсүндө болгон.

«Топ балдар эки жигитти сабап кетишти. Окуяга күбө болгондор милиция чакырышты, бирок алар кеч келишип, бираздан кийин эч нерсе болбогондой кызматтык унаасына отуруп кетип калышты. Адамдар эч кандай рекация болбогонуна нааразы болуп жатышат», — деди күбө.

ИИМ аталган факт маалыматты каттоо журналына катталганын билдирди. Мушташтын катышуучулары аныкталып, милиция бөлүмүнө жеткирилди.

Алдын ала текшерүү учурунда 18 жана 24 жаштагы Базар-Коргон районунун тургундары курулушта иштеп жатышкандыгы белгилүү болгон. Алар дүкөнгө барышкан учурда жергиликтүү тургундар менен урушуп, мушташып кетишкен.

Тараптар бири-бирине арыз-дооматтары жок экендигин билдирип, соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышты. Окуянын башка катышуучуларын аныктоо үчүн териштирүү иштери жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар