Кара-Суу районунда ок атышуунун жыйынтыгында бир киши жабыркады. Ал үч жаракат алган. Маалыматты 24.kg сайтына Ош облусунун ИИБси жана жабырлануучу жеткирилген Ош шаардык ооруканасы тастыктады.
Врач Нурбек Калыевдин айтымында, жабырлануучу 32 жашта. Ал ооруканага 4-августта 11:35те тез жардам кызматы менен түшкөн. Абалы канааттандыраарлык.
«Ал үч жерден жаракат алган. Бир окту төшүнүн оң жагынан алып чыгышты. Дагы эки жеринде октон алган жаракат бар. Бейтаптын айтымына караганда, ал жана аны аткан адам жол талашып кетишкен», — деди Нурбек Калыев.
24.kgнин булактарынын маалыматына караганда, атышуу эки уюшулган кылмыштуу топтун өкүлдөрүнүн арасында болгон. Ок чыгарып, кылмыш болгон жерден жашырынып кеткен адам Дженго (Кадырбек Досонов) каймана аты менен белгилүү болгон кримтөбөлүнүн өкүл баласы. Кээ бир маалыматтар бюнча, аны кармашып, бирок кайра кое беришкен.

