Жаңы автобустардын биринчи тобу 15-августка чейин келиши күтүлүүдө. Маалыматты 24.kg агенттигине мэриянын басма сөз кызматы тастыктады.
Ага ылайык, биринчи топто 50 автобус бар.
Автобустар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын проектинин алкагында сатылып алынган. Транспорт министрлиги 2022-жылы 18-августта Xiamen Golden Dragon Bus компаниясы менен 10 метрлик 124 автобусту алып келүүгө келишим түзүлгөнүн билдирген. Келишимдин шарты боюнча товарларды алып келүү алдын ала төлөм жүргүзүлгөн күндөн башталат. 2023-жылы 13-февралда аванс катары 10 пайызы төлөнгөн. График боюнча 20 автобус 24 жумадан кийин, дагы 60 автобус 32 жумадан кийин, калган 44ү 38 жумадан кийин келиши керек.