23:15
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Москвада кыргызстандык таксист сабалып, милиция арызын албай койгон

Москвада кыргызстандык таксистти сабап кетишкен. Ал эми милиция анын арызын кабыл албай койгон. Бул тууралуу Twitterге россиялык блогер Рустем Адагамов жазды.

Анын айтымында, кыргызстандык жаран жүргүнчүдөн унаанын ичинде сыра ичпөөсүн суранган, бирок бул ага жакпай калган.

"Кыргызстандык айдоочу бул жакта мыйзамдуу жүрөт, жашап турууга укугу бар. Ооруканадан кашын тиктирип, милицияга барган, анын токмоктолуу тууралуу арызын албай, видеосун да көрбөй коюшкан",- деп жазган Рустем Адагамов.

Кыргызстандын Россиядагы Элчилигинин маалыматына ылайык, окуя 18-июлда болгон. Бирок жабыркаган таксист элчиликке кайрылган эмес. Азыркы учурда жабыркаган жаран менен байланыш түзүлүп, ага консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүүдө. Ошондой эле, Россиянын Тышкы иштер министрлигине Кыргызстандын Элчилигинен расмий Нота жөнөтүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар