Түп районунда сел жүрүп, эки айылды суу каптады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, катуу жааган жамгырдан улам 2-августта саат 19:00до сел жүрүп, Байзак жана Кең-Суу айылдарындагы 27 үйдү жана жер төлөөлөрдү суу каптаган.
Жалпысынан 35 куткаруучу, техника жана жарандык коргонуудан 50 адам тартылып, жабыркаган айылдардын тургундары менен ӨКМдин министри Бообек Ажикеев жолукту.